Түркия Глазгодо «жашыл өнүгүү» тууралуу маалымат берүүдө

Түркия стендинде маалымат берүү жыйындары башталды.

1729317
Түркия Глазгодо «жашыл өнүгүү» тууралуу маалымат берүүдө

Шотландиянын Глазго шаарында өткөрүлгөн Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүүсү боюнча алкактык конвенциясынын (COP26) тараптарынын 26-конференциясында Түркия стендинде маалымат берүү жыйындары башталды.

Жыйындарда президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде башталган «жашыл өнүгүү төңкөрүшүнөн» тышкары «нөлдүк таштанды», «климаттын өзгөрүшү менен күрөшүү», «климаттын өзгөрүшүнө шайкеш келүү» жана «парник газдарынын эмиссиясын азайтуу» темалары талкууланууда.

Түркиянын экология, шаар куруу жана климаттын өзгөрүүсү боюнча министри Курум, басма сөзгө берген маалыматында президент Эрдогандын 2053-жылга карата нөлдүк эмиссия максатын эске салып, бул темада олуттуу кадамдарды таштагандарын айтты.

Курум: «Биз нөлдүк таштанды долбоорубуз аркылуу 3 миллион тонна парник газынын эмиссиясынын алдын алдык. Акы төлөнүүчү желим баштык колдонмосу менен 14 миң 640 тонна парник газынын эмиссиясына бөгөт болдук. Ошондой эле Эгзоз электрондук көзөмөлдөө системасынын негизинде да парник газдарынын эмиссиясына карата чараларды көрүп жатабыз. Ушул учурга чейин 111 улуттук парк ачтык, акыркы эки жылда коргоого алынган аянттардын санын 9 пайыздан 10,6га чейин көбөйттүк. Бул сандарды көбөйтүү аракетибизди улантуудабыз»,-деди.

Деңиздердин булганышын да алдын алгандарын билдирген министр Курум: «Таза деңиздердин көрсөткүчү болгон көк желектүү пляждардын санын быйыл 519га жеткирип, дүйнөдө үчүнчү орунга чыктык»,-деп билдирди.

Нөлдүк эмиссия максатын чечкиндүү түрдө ишке ашыра тургандарын баса белгилеген Курум: «Биз велосипед жолдорубузду жана жашыл сейил бак жолдорубузду кеңейтип, акылдуу шаар колдонмолору жана жашыл аймактардын алкагында өлкөбүздүн бардык жеринде энергияны үнөмдөөчү, климатка туруштук берген конуштарды куруп жатабыз. Өлкөбүздүн бардык жеринде кайра жаралуучу энергия булактарыбызды көбөйтүүдөбүз»,-деди.

Түркиянын бүткүл дүйнөнү камтыган «жашыл өнүгүү» мезгилине киргенин эске салган Курум, жашыл өнүгүү төңкөрүшүнүн алкагында алдыңкы өлкө болуу үчүн аракет кылып жаткандарын белгиледи.

Түркия 65 кишилик делегация менен Глазгодогу ишин 12-ноябрга чейин улантат.

Иш-чараны министрликтин Youtube каналынан (https://www.youtube.com/c/cevresehiriklim) түз көрө аласыздар.



Тектеш кабарлар