Терроризмге каршы күрөш уланып жатат
Дагы үч террорист жок кылынды.
1723427
Сириянын түндүгүндөгү «Тынчтык булагы» операциялык аймагында кол салууга даярданып жатканы аныкталган жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга мүчө 3 террорист таасирсиз кылынды.
Улуттук Коргоо министрлигинин Твиттер баракчасындагы билдирүүсүндө: «Террордук уюм ПКК/ЙПГнын дагы бир кол салуу аракетинин алдын алынды. «Тынчтык булагы» аймагына кол салууга даярданганы аныкталган 3 ПКК/ЙПГ террористи биздин баатыр командаларыбыздын кийлигишүүсү менен таасирсиз кылынды»,-деп айтылды.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Курман айт майрамы менен куттуктады
Эрдоган Курман айт майрамына карата видео кайрылуу жарыялады.
Измир жакындарында мыйзамсыз мигранттар куткарылды
Мыйзамсыз мигранттар процедуралардан кийин облустук миграция башкармалыгына жөнөтүлдү.