Чавушоглу кесиптештери менен телефон аркылуу сүйлөштү

Тышкы иштер министрлиги маалымат берди.

1723126
Чавушоглу кесиптештери менен телефон аркылуу сүйлөштү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Ирандын тышкы иштер министри Хүсейин Эмир Абдуллахиян жана Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) тышкы иштер министри Абдулла бин Заид Аль Нахаян менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Тышкы иштер министрлиги берген маалыматка караганда, Чавушоглу жана ирандык кесиптеши Абдуллахяндын сүйлөшүүсүндө эки тараптуу карым-катнаштар менен катар аймактык маселелер, өзгөчө Афганистан жана Сирия менен байланышкан окуялар талкууланды.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө өзөктүк сүйлөшүүлөр маселеси да талкууланды.

Чавушоглу менен кесиптеши Нахайяндын сүйлөшүүсүндө болсо эки тараптуу карым-катнаштар каралды.



Тектеш кабарлар