Чавушоглу: «Кээ бир тышкы иштер министрлери менен Кабулга барууну пландап жатабыз»

Чавушоглу Индонезиянын тышкы иштер министри Ретно Марсуди менен өткөргөн биргелешкен маалымат жыйында Ооганстан маселесине токтолду.

1718583
Чавушоглу: «Кээ бир тышкы иштер министрлери менен Кабулга барууну пландап жатабыз»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу алдыдагы мезгилде кээ бир тышкы иштер министрлери менен Ооганстандын борбор шаары Кабулга барууну пландап жатышканын айтты.

Чавушоглу Индонезиянын тышкы иштер министри Ретно Марсуди менен Министрликте өткөргөн биргелешкен маалымат жыйында Ооганстан маселесине токтолду.

Ооганстандагы абалга тыкыр көз салып жатышканын белгилеген Чавушоглу: «Жакынкы мезгилде айрым тышкы иштер министрлери менен Кабулга барууну пландап жатабыз. Ретно менен муну Нью-Йоркто да талкуулаганбыз. Берки дос жана боордош министрлерге да бул пикир жакты. Биз муну жакынкы күндөрдө пландаштырабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар