Түркия Маариф Фонду 44 өлкөдө билим берүүдө

Түркия Маариф Фондунун 44 өлкөдө 377 мектеби бар.

1712191
Түркия Маариф Фонду 44 өлкөдө билим берүүдө

Түркия Маариф Фонду эл аралык мектептер түйүнү менен дүйнөдөгү алдыңкы беш өлкөнүн бири болду.

Маариф Фондунун башчысы проф. др. Бирол Акгүн билдирүүсүндө, Азиядан Африкага, Түндүк Америкадан Европага, Түштүк Америкадан Австралияга чейин 6 континенттеги 44 өлкөдө ар тараптуу билим берүү иштерин жүргүзгөн Маариф Фондунун түзүлгөнүнө беш жыл болгонун айтты.

Түркия Маариф Фондунун 44 өлкөдө 377 мектеби бар экенин билдирген Акгүн: «Бул жерлерде дагы деле окуп жаткан 45 миң окуучу бар жана бул сан көбөйүүдө. Орто мектепти аяктаган окуучулардын саны 5700дүн тегерегинде. Жылына орто эсеп менен 1000 бүтүрүүчүнү жөнөтөбүз»,- деди.

Акгүн Түркия Маариф Фондунун билим берүү мекемелери жайгашкан 44 өлкөнүн 24үнүн Африкада экенин айтты.

Акгүн Түркиянын эл аралык мектептер түйүнү боюнча Франция, Германия, Англия жана Кытай менен биргеликте алдыңкы беш өлкөнүн катарына киргенин баса белгиледи.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын Түркия Маариф Фондуна 193 өлкөдө иштөө максатын койгонун эске салган Акгүн: «Биз стратегиялык артыкчылыктарды эске алуу менен бул максатка кадам сайын жетүү үчүн иштеп жатабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар