Эрдоган Кахраманмарашта жаштар менен жолукту

Президент Эрдогандын кечээ Кахраманмарашка болгон сапарынан кийин катышкан «Жети келбеттүү эркек» музейиндеги "Жаштар менен поэзия түнү" программасынын көрүнүштөрү бөлүшүлдү.

1705625
Эрдоган Кахраманмарашта жаштар менен жолукту

Президент Режеп Таййип Эрдоган жаштар үчүн "Адилеттүү дүйнө мүмкүн" китебине кол койду.

Президент Эрдогандын кечээ Кахраманмарашка болгон сапарынан кийин катышкан «Жети келбеттүү эркек» музейиндеги "Жаштар менен поэзия түнү" программасынын көрүнүштөрү бөлүшүлдү.

Программанын ачылышында сүйлөгөн Эрдоган абдан кооз жерде чогуу болгондорун айтты.

«Мараш - өз сөзүн адабият, поэзия жана элдик ырлар менен айткан шаар. Адабият жана өзгөчө поэзия дүйнөгө, жана адамзатка айта турган сөзү бар адам үчүн эң туура ыкма экенинде шек жок»,-деди.

"Ырдын сөз мааниси - бул бир нерсени деталдарын кармоо аркылуу билүү, сезүү аркылуу аңдап билүү, гармониялуу түрдө билдирүү. Кокустан биринин артынан бири келген же келип чыккан сөздөр поэма боло албайт. Сиз өзүңүздүн жан дүйнөңүздү ачып берсеңиз, сиз жүрөктөн, жан дилден берилип жазсаңыз, поэзия чыгат»,-деп айткан Эрдоган түрк адабиятынын эң байыркы чыгармаларынын арасында ырлардын маанилүү орунга ээ экенин айтты.

Эрдоган жаштарга насаат айтып,"Жан дүйнөңүздү, адамгерчиликти жана дүйнөнү камтыган акындардын ырларын жүрөгүңүздүн эң кооз бурчунда сактаңыз",-деди.

"Сиз ыр жазасызбы? Жубайыңыз Эмине Эрдоганга ыр жаздыңыз беле же окудуңузбу?" деген суроо боюнча Эрдоган:"Сиз абдан оор суроо бердиңиз. Тилекке каршы, мен ыр жазбайм, бирок мен окуйм жана окуй берем. Жубайым менен бизде поэзия сыяктуу жашоо бар»,-деп жооп берди.

Бул аралыкта президент Эрдоган программадан кийин жаштар үчүн "Адилеттүү дүйнө мүмкүн" китебине кол койду.



Тектеш кабарлар