Түрк аскерлеринин Ооганстандан кайтуу иштери уланууда
Министр Акар түрк аскерлеринин Ооганстандан эвакуацияланышы тууралуу суроого жооп берди.
![Түрк аскерлеринин Ооганстандан кайтуу иштери уланууда](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/1e54/5517/9f89/611d06e36db1e.jpg?time=1718964139)
Улуттук коргоо министри Хулуси Акар түрк аскерлеринин Ооганстандан кайтуу иштерин эң кыска мөөнөттө бүтүрүүнү максат кылышканын айтты.
Министр Акар түрк аскерлеринин Ооганстандан эвакуацияланышы тууралуу суроого жооп берди.
Ооганстандагы тапшырманы ийгиликтүү аткаруу сыймыгы менен түрк аскерлеринин Ооганстандан эвакуациясынын башталганын айткан Акар: «(Кабул) аэропортундагы өзгөчө тыгыздыкка жана шарттарга карабастан, Түрк Куралдуу Күчтөрүнүн кызматкерлери планды эч кандай үзгүлтүккө учуратпастан ишке ашыруу үчүн болгон күчүн жумшап жатышат. Биздин иштерибизге колдоо көрсөткөнү үчүн дос жана боордош Пакистан менен Тажикстанга жана аймакта чогуу иштешкен союздаштарыбызга ыраазычылык билдиребиз. Тышкы иштер министрлиги жана тиешелүү мекемелер менен макулдашуу боюнча иш-аракеттерибиз азыркы эвакуация пландарыбыздын алкагында уланууда»,-деди.
Тектеш кабарлар
![Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/2c2c/2e17/7c21/667433d0d3b4a.jpg?time=1718964139)
Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты
Мехмет Шимшек Британияда Chatham House уюштурган конференцияда сөз сүйлөдү.