Калын Түркиянын аскерлеринин Ооганстандан чыгуусу боюнча маалымат берди

Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын жеке телеканалда күн тартиби тууралуу суроолорго жооп берди.

1697428
Калын Түркиянын аскерлеринин Ооганстандан чыгуусу боюнча маалымат берди

Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын, түрк аскерлеринин Ооганстандан чыгуусунун бүгүн же эртең бүтөрүн айтты.

Ибрахим Калын жеке телеканалда күн тартиби тууралуу суроолорго жооп берди.

Катчы Калын, 2001 -жылдан бери Ооганстанда кызмат өтөп жаткан түрк аскерлеринин чыгуусу боюнча, «(Кечээ кечинде) Эвакуациялоо операциясы 36 саатта бүтөт» деп айтуу менен «Биз аскерлерибиз чыгып кеткенден кийин деле ал жердеги (Хамид Карзай) аэропортунун иштетилишин уланта алабыз. Бул боюнча сүйлөшүүлөр уланууда», - деди.

Калын ошондой эле чалгындоо бөлүмдөрүнүн жана Тышкы иштер министрлигинин деңгээлинде талиптер менен жолугушуулар өткөрүлгөнүн билдирип, «Биз эч кандай иммиграция болбошу үчүн дипломатиялык байланыштарыбызды улантып жатабыз. Регион өлкөлөрү жана эл аралык коомчулук көч толкунуна жол бербөө үчүн көбүрөөк жоопкерчиликти алышы керек. Түркия иммиграция маселесинде өз салымын кошту. Биз мыйзамсыз иммиграция боюнча жаңы чараларды көрүп, алдын алдык. Түркия эч кимдин иммиграциялык кампасы эмес. Иран менен мыйзамсыз иммиграцияга бөгөт коюу үчүн туруктуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат»,-деп айтты.

Улуттук коргоо министрлиги (УКМ) Ооганстандан Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) элементтерин чыгаруу башталганын жарыялады.

15 -августта талибдер борбор Кабулду ээлеп алганда, чет элдик аскерлердин, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана Ооганстандагы жарандардын кетиши күч алды.



Тектеш кабарлар