Түркиянын Улуттук жасалма интеллект стратегиясы жарыяланды

Варанк: «Биз 2025-жылга чейин жасалма интеллект жаатында 50 миңден кем эмес жумуш орундарын камсыздоону максат кылып жатабыз»

1696380
Түркиянын Улуттук жасалма интеллект стратегиясы жарыяланды

Түркиянын биринчи Улуттук жасалма интеллект стратегиясы жарыяланды.

Президенттиктин санариптик трансформация башкармалыгы менен Өнөр жай жана технология министрлиги тарабынан даярдалган, Түркиянын 5 жылдык мезгилдеги жасалма интеллект ишмердүүлүгүнө жол көрсөтө турган биринчи "Улуттук жасалма интеллект стратегиясы" (Кожаелидеги) Информатика өрөөнүндө коомчулукка таанытылды.

Информатика өрөөнүндө Түркиянын биринчи улуттук жасалма интеллект стратегиясын жарыялаган өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк: «Биз 2025-жылга чейин жасалма интеллект жаатында 50 миңден кем эмес жумуш орундарын камсыздоону максат кылып жатабыз. Ошондуктан квалификациялуу адам ресурстарын даярдоо үчүн абдан маанилүү чараларды белгиледик»,- деди.

Министр Варанк: «Жасалма интеллект стратегиябызда аныкталган чаралардын негизинде колдообузду андан ары да активдештиребиз жана бул жаатта жаңы "unicorn" (баасы 1 миллиард доллардан ашкан компаниялар) чыгарабыз. Улуттук жасалма интеллект стратегиябызда өзүн сынап, таап, үйрөнүп жана дайыма жаңыртып турган экосистеманы түзүүнү максаттадык»,- деп айтты.



Тектеш кабарлар