Түркиянын Кабул элчилиги кулактандыруу жарыялады

Түркиянын Кабулдагы элчилиги түрк жарандарынын кайрылуу тартибине  карата Түркияга алып келинерин жарыялады.

1693189
Түркиянын Кабул элчилиги кулактандыруу жарыялады

 Түркиянын Кабулдагы элчилиги Афганистандан кетүү үчүн элчилик жана консулдуктардын call -борбору менен байланышкан түрк жарандарынын кайрылуу тартибине  карата Түркияга алып келинери тууралуу кулактандыруу жарыялады.

Түркиянын Кабул элчилигинин социалдык медиа эсептеринен берилген кулактандырууда  жалпы Афганистандагы  коопсуздук абалды иликтөөнүн улантылып жаткандыгы белгиленди. Кулактандырууда  элчиликтин түрк жарандары менен дайыма байланыш ичинде экендиги жана бул процессте эвакуацияланууну каалагандардын кайтышы үчүн керектүү координацияны улантып жатышкандары билдирилди.

Элчиликтин жана консулдуктун call –борборлору менен байланышка өткөн түрк жарандарынын кайрылуу тартибине карата Түркияга алып келинери белгиленген кулатандырууда : «Жарандарыбыздын жеке коопсуздугун эске алуу менен өздөрүнө кабар берилгенге чейин күтүүлөрү туура болот. Элчилик жана консулдуктун call –борборлору чалып, эвакуация үчүн чакырылган жарандарыбызга багыт берилет»,- деп билдирилди.

Кулактандырууда Түркиянын Кабулдагы элчилигине  +93 79 782 82 83 жана  +93 79 182 79 76 жана консулдуктун  call –борборуна  +90 312 292 29 29 телефон номерлери аркылуу  байланышууга болору да белгиленген.



Тектеш кабарлар