Мевлүт Чавушоглу : "Афганистандан эвакуациялоо каттамдарын эки күнгө токтоттук"

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу коопсуздуктан улам Афганистандан эвакуациялоо каттамдарынын эки күнгө токтотулгандыгын билдирди.

1693377
Мевлүт Чавушоглу : "Афганистандан эвакуациялоо каттамдарын эки күнгө токтоттук"

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу коопсуздуктан улам Афганистандан эвакуациялоо каттамдарынын эки күнгө токтотулгандыгын билдирди.

Министр Мевлүт Чавушоглу Афганистандагы  абалдар тууралуу АКШнын күтүлбөгөн жана плансыз бир чечим менен артта хаос жаратып аймактан чыгып кетишинин туура эмес экендигин айтты.

Жарандардын учуу аянттарына келишинен улам каттамдардын эки күнгө токтотулгандыгын белгилеген Чавушоглу : «Бул жердин коопсуздугу түзүлгөндөн кийин кайрадан каалаган жарандарыбызды эвакуациялоону баштайбыз»,- деди.

Чавушоглу Афганистанда Түркиянын Кабул аэропортун коргоо планын токтотту деген сөздөр тууралуу : «Муну айтуу азырынча эрте. Анткени азыркы учурда жаңы шарттар пайда болду. Кабул аэропортунда аскердик канатта турабыз. Жарандык канатта хаос бар. Учактардын конуп  - учушунда да көйгөйлөр бар. Тилекке каршы айрым адамдар каза болду. Бул жерден эвакуациялар жасалууда. Бир группа жараныбызды алып келдик. Аэропортто эвакуация жана башка маселелер боюнча АКШ жана башка өлкөлөр менен бирдикте иштеп жатабыз. Алдыңкылык берилген маселе жарандарыбызды эвакуациялоо. Аскерлерибиз тууралуу чечимди урматтуу президентибиз Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилиги астында бирдикте чыгарабыз»,- деди.

«Өз кызыкчылыгыбыз үчүн баары менен сүйлөшүү керек»,- деген министр Чавушоглу : «Америка отуруп Талибан менен келишимге кол коюп жатат, анда бир маселе жок. Биз сүйлөшсөк маселе чыгат. Бул биздин алардын башкаруусун же идеологиясын жактырабыз деген мааниге келбейт. Кытай, Россия, Иран Талибан менен сүйлөшүүдө. Баары прагматикалык мамиле кылып жатат. Булар кадимки эле нерселер»,- деди.

Талибандын алгачкы билдирүүлөрү кандай кабыл алынгандыгы тууралуу суроого да жооп берген министр Чавушоглу : «Талибан эч бир чет элдикке кийлигишпей тургандыгын, баарынын бул жерде жашай аларын, дипломатиялык миссияларга да тийишпей тургандыгын, ишин жүргүзө алат деген оң билдирүүлөрдү берди. Азыркы учурда аэропортко эч кандай кийлигишүүсү жок. Биз, буларды, бул билдирүүлөрдү оң кабыл алганыбызды айттык. Талибандын башкаруу аң  - сезимин, режимин жактырабыз, оң кабыл алабыз деген жокпуз. Өзгөчө билдирүүлөрүн оң кабыл алабыз дедик бирок кылдат экендигибизди тактап айтканда аларды иш жүзүндө көрүшүбүз керектигин айттык»,- деди.

Жекшемби күнү борбор шаар Кабулдун айланасын курчоого алган Талибан президент Ашраф Ганинин өлкөдөн чыгышы жана өкмөт күчтөрүнүн борбор шаардан кетиши менен бул жерди да толугу менен көзөмөлүнө алган.



Тектеш кабарлар