Эрдоган: "Түркиянын аскерлеринин Ооганстанда болушу жаңы бийликтин дагы ишин жеңилдетет"
Президент Эрдоган кээ бир жеке каналдардын түз эфиринде күн тартибине баа берди.
Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын аскерлеринин Ооганстанда болушу жаңы бийликтин эл аралык аренада колун күчөтүп, алардын ишин жеңилдете турганын айтты.
Президент Эрдоган кээ бир жеке каналдардын түз эфиринде күн тартибине баа берди.
Эрдоган Талибандын лидерлерин кабыл ала турганын буга чейин да айтканын эске салып, «Биз бул позицияны бүгүнкү күнгө чейин сактап келебиз. Биз ошондой эле талибдердин лидерлеринин сабырдуу жана жумшак билдирүүлөрүн кубаттайбыз. Биз ооган элинин тынчтыгын, бул жерде жашаган түрк мекендештерибиздин бакубаттуулугу жана биздин өлкөнүн кызыкчылыктарын коргоо үчүн ар кандай кызматташууга даярбыз»,деген оюн бөлүштү.
Эрдоган Ооганстандагы түрк аскерлери эч качан согуштук күч катары кызмат кылбаганын баса белгиледи.
Эрдоган:«Биз ал жерде биздин аскерлерди эч качан бөтөн держава катары көргөн эмеспиз,андай колдонгон жокпуз. Түркиянын аскерлеринин Ооганстанда болушу эл аралык аренада жаңы бийликтин колун күчтөндүрөт жана анын ишин жеңилдетет. (Хамид Карзай аэропортунун коопсуздугу) Эми ал өлкөдө пайда болгон жаңы реалдуулуктарга ылайык пландардарды түзүп, ошого жараша сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз»,-деп айтты.
Президент Эрдоган: «Өлкөнүн башында ким болбосун, Ооганстандын жакшы жана жаман күндөрүндө жанында болуу - бул убадага туруунун да, бир туугандыктын да талабы»,-деди.
Жекшембиде баш калаа Кабулду курчоого алган талибдер президент Ашраф Гани өлкөдөн чыгып, өкмөттүк күчтөр шаардан чыгып кеткенден кийин шаарды толугу менен көзөмөлүнө алышты.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Курман айт майрамы менен куттуктады
Эрдоган Курман айт майрамына карата видео кайрылуу жарыялады.
Измир жакындарында мыйзамсыз мигранттар куткарылды
Мыйзамсыз мигранттар процедуралардан кийин облустук миграция башкармалыгына жөнөтүлдү.