Акар: «Түркиянын коргонуу өнөр жайы мурункулар менен салыштырууга болбой турган деңгээлде»

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Стамбулдагы Кеме куруучу командирлигинде өткөрүлгөн аземде сөз сүйлөдү.

1691477
Акар: «Түркиянын коргонуу өнөр жайы мурункулар менен салыштырууга болбой турган деңгээлде»

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Түркиянын коргонуу өнөр жайы мурункулар менен салыштырууга болбой турган деңгээлге жеткенин айтты.

Стамбулдагы Кеме куруучу командирлигинде өткөрүлгөн аземде сөз сүйлөгөн Акар, коргонуу өнөр жайындагы стратегиялык кадамдардын Түркияны күчтөндүргөнүн белгилеп, «Биз азыр жөө аскер үчүн мылтыктарыбызды, «Фыртына» пушкаларыбызды, учкучсуз учуучу аппараттарыбызды (УУА), куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарыбызды (КУУА), тик учактарды жана согуштук кемелерди куруу, өндүрүү жана экспорттоо деңгээлиндебиз», деди.



Тектеш кабарлар