Түрк басма сөзү  05.08.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1685865
Түрк басма сөзү  05.08.2021

«Хүррийет» гезити «Европа Биримдигине карата Түндүк Кипр Түрк Республикасы каршы чыкты : Силерди ким коркутуп жатат» деген макаласында президент Р. Т. Эрдогандын түз эфирдеги баа берүүсүндө  Швейцариянын Женева шаарында Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Эрсин Татардын тик тургандыгын белгилеп : «Биз билдирүүбүздү тийиштүү адамдарга билдирдик. Эки тең укуктуу, эгемендүү мамлекет, мындан  ары эч кандай жеңилдик жок. 'Биз дагы 50 жыл күтө албайбыз деди'. Эмне кылуу керек болсо эми аткарылышы керек. Европа Биримдигинен тийиштүү адамдар түштүккө келгенде эмне себептен түндүккө да барбайсыңар? Силерди ким коркутуп жатат?»,- дегенин жазган.

«Стар» гезити «Алтун АКШга катуу каршылык көрсөттү» деген макаласында президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтундун АКШнын айрым афгандардын араларында Түркия да болгон үчүнчү өлкөлөр аркылуу АКШга миграция тууралуу кайрылуу жасай алышарына байланыштуу билдирүүсүнө : «Түркия эч кимдин күтүү залы эмес» деген сөздөр менен каршылык көрсөткөндүгүн белгилеген.

«Йени шафак» гезити «Селчук Байрактар : 10 өлкө менен ТБ2 учкучсуз аба аппараттары үчүн келишим түзүү этабындабыз» деп жазып, БАЙКАР технология лидери Селчук Байрактардын азыркы учурда 4 өлкөгө экспорттолгон Байрактар ТБ2 учкучсуз аба аппараттары үчүн 10 өлкө менен келишим түзүү этабында экендигин айтканын маалымдаган.

«Сабах» гезити «Украинадан Байрактар ТБ2ге абдан чоң мактоо» деген маалыматында Украинанын мамлекеттик изилдөө институтунун Байрактар ТБ2лердин электрондук согуш шарттарына чыдамдуулугун сынаган сынагынын жыйынтыктарын дүйнөгө жарыялагандыгын кабарлаган.

Украина мамлекеттик изилдөө институту берген расмий маалыматында : «Байрактар ТБ2 башка бир заманбап  электрондук согуш тоскоолдуктарынын таасири астында сынактан өттү. Ушуга караганда ТБ2нин электрондук согуш жөндөмдүүлүгү мыкты»,- деп билдирилди.

«Хабер түрк» гезити «Зер буюмдар экспорту 7 айда 48, 5 пайызга өстү» деген кабарында Түркиянын зер буюмдар экспорту жылдын биринчи 7 айында өткөн жылдын ушул эле мезгилине караганда 48, 5 пайыздык өсүү менен 2 миллиард 916 миллион 544 000 долларга жеткендигин кабарлаган. Зер буюмдары эң көп экспорттолгон өлкө 454 , 1 миллион доллар менен АКШ болду.



Тектеш кабарлар