Президент Р. Т. Эрдоган 19 - 20 - июль күндөрү Түндүк Кипр Түрк Республикасына барат

Эрдоган Түндүк Кипр Түрк  Республикасынын парламентинин атайын отурумунда кайрылуу жасайт.

1676901
Президент Р. Т. Эрдоган  19 - 20 -  июль күндөрү Түндүк Кипр Түрк Республикасына барат

Президент Р. Т. Эрдоган 19 - 20 -  июлда Түндүк Кипр Түрк Республикасында жолугушууларды өткөрөт.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда Эрдоган Түндүк Кипр Түрк  Республикасынын Президенти Эрсин Татардын чакыруусу менен 10 – 20 -  июлда Түндүк Кипр Түрк  Республикасына сапар менен барат.

Сапарынын негизинде  Эрдоган Түндүк Кипр Түрк  Республикасынын парламентинин атайын отурумунда кайрылуу жасап, 20 -  Июль Тынчтык жана Эркиндик майрамынан улам өткөрүлө турган аземге катышат.

Президент Эрдоган менен Түндүк Кипр Түрк  Республикасынын Президенти Татардын жолугушуусунда Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги акыркы абалдар менен бирге Түркия менен Түндүк Кипр Түрк  Республикасынын ортосундагы карым  - катнаштар бардык тарабы менен каралат, «Кипр доосу» тууралуу пикирлерин билдиришет.

Эрдоган сапарында Түндүк Кипр Түрк  Республикасынын Президенти Татар менен Түндүк Кипр Түрк  Республикасында курулуп бүткөн долбоорлордун ачылышы менен пайдубалын түптөө иш – чараларына катышат.



Тектеш кабарлар