Кападокияда ысык аба шарлары 15 - Июль үчүн учурулду
Эрте менен Невшехирдин Аванос районунун Пашабагы аймагында учкан шарлар көк жүзүндө кооз көрүнүштөрдү пайда кылды.
Кападокияда ысык аба шарлары 15 - Июль Демократия жана Улуттук Биримдик Күнүнөн улам түрк желеги менен учурулду.
Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын Невшехир облустук башкармалыгы даярдаган «Унуткан жокпуз унуттурбайбыз» жана «Түркия жеңилбейт» деп жазылган плакаттар жана түрк желектер ысык аба шарларына илинди.
Эрте менен Невшехирдин Аванос районунун Пашабагы аймагында учкан шарлар көк жүзүндө кооз көрүнүштөрдү пайда кылды.
Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын облустук башкаруучусу Али Кемиккыран ысык аба шарларына илинген плакаттар менен дүйнөгө кабар берүүнү каалашкандарын белгилеп : «251 шейитибизди жана 2 196 ардагерибизди ыраазычылык менен эскеребиз. Аларды унутпагандыгыбызды жана эч качан унутпай тургандыгыбызды көрсөткүбүз келди. Дүйнөнүн төрт тарабынан келген конокторубуз бар. Бул билдирүүнү бүткүл дүйнөгө өз аймагыбыздан берип жатабыз»,- деди.