Эрдоган: «Түркия катары Кипр түркүнүн көз-карашын толугу менен колдойбуз»

Президент Эрдоган министрлер кабинетинен кийин билдирүү жасады.

1628840
Эрдоган: «Түркия катары Кипр түркүнүн көз-карашын толугу менен колдойбуз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Кипрдик түрк боордошторубузду эмбарго менен коркутуп-үркүтүп, Кипрди туңгуюкка алып келүүнү каалаган менталитетке жол бербейбиз»,-деди.

Президент Эрдоган министрлер кабинетинен кийин билдирүү жасады.

Эрдоган, министрлер кеңешинин жыйынына чейин Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татарды кабыл алышканын жана эки тараптуу кызматташтык маселелерин жана бүгүн Швейцариянын Женева шаарында боло турган «расмий эмес 5 + 1 Бириккен Улуттар Уюмунун» жолугушуусун талкуулашканын билдирди.

Татардын Кипр түрк элинин колдоосу менен Женевада суверендүү теңчиликке негизделген эки мамлекеттүү чечимдин көз-карашын көтөрө тургандыгын билдирген Эрдоган: «Түркия катары биз бул көз-карашты толугу менен колдойбуз. Айрыкча Кипрдик түрк боордошторубузду эмбарго менен коркутуп-үркүтүп, Кипрди туңгуюкка алып келүүнү каалаган менталитетке жол бербейбиз. Жолугушуунун жыйынтыгы кандай болбосун, Кипр түркү бир туугандарыбыздын жанында болууну улантабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар