Калын: «АКШга жооп берилет»

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Британиянын Reuters агенттигине маек берди.

1628114
Калын: «АКШга жооп берилет»

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байдендин 1915-жылдагы окуяларды «геноцид» деп сыпаттоосуна Түркиянын жооп бере турганын айтты.

Британиянын Reuters агенттигине маек берген  Ибрахим Калын: «Жо Байдендин бул чуулгандуу билдирүүсү өтө бактысыз жана адилетсиз билдирүү. Биз аны толугу менен четке кагабыз жана айыптайбыз. Билдирүү тарыхый фактылар менен бекемделбейт. Анын эч кандай мыйзамдуу негизи жок»,-деди.

Түркия бул билдирүүгө белгилүү убакыттын ичинде жооп бере турганын айткан Калын: «Жакынкы күндөрдө жана айларда ар кандай формада, түрдө жана даражада жооп берилет»,-деп айтты.

Бул билдирүүнүн саясий жактан дагы жоопкерчиликсиз билдирүү болгонун белгилеген Калын: «Саясий тил менен айтканда, бул жоопкерчиликсиз жана конструктивдүү эмес билдирүү. Карабах бошотулгандан кийин (октябрь 2020) Армения менен болгон мамилени нормалдаштырууну камтыган демилгелер менен катар Түркия ичинде турган эч бир процесске салым кошпойт. Албетте, Түркия-АКШ карым-катнаштарына да таасири болот»,-деди.

Президенттин басма сөз катчысы, 2005-жылы президент Эрдогандын архивдерди ачуу жана бул маселени иликтөө үчүн биргелешкен комитет түзүү сунушун эске салды.

Армян тарап бул чакырыкка, өз дооматтарынын жокко чыгарылаарын билгендиктери үчүн жооп бербегенин баса белгилеген Калын, Түркиянун бул чуулгандуу билдирүүгө жооп берүүнү улантаарын айтты.



Тектеш кабарлар