Түркия дүйнөнүн биринчи мобилдик имараттарды талдоо жана сыноо лабораториясы MOLABды долбоорлоду

MOLAB  экология жана шаар пландоо министрлиги тарабынан долбоорлонду.

1623048
Түркия дүйнөнүн биринчи мобилдик имараттарды талдоо  жана сыноо лабораториясы MOLABды долбоорлоду

Түркия дүйнөнүн алгачкы мобилдик имараттарды талдоо жана сыноо лабораториясы MOLABды долбоорлоду.

MOLAB  экология жана шаар пландоо министрлиги тарабынан долбоорлонду.

Дүйнөнүн биринчи мобилдик лаборатория  каражаты болгон MOLAB апаат болгон жерлерде кооптуу болгон имараттарды аныктоо үчүн колдонулууда.

Топтор кырсык болгон аймактардагы кооптуу имараттардан үлгүлөрдү алышат. Ал үлгүлөр мобилдик лабораториялык унаада иликтенүүдө. Экспертизадан кийин имараттын кооптуу же коопсуз экендиги жана бузулабы же жокпу чечим чыгарылууда.

Каражаттын аянттагы  имараттардын бетон күчүн, арматурасын аныктоо жана жер көчкү сыяктуу жер шарттарын текшерүү мүмкүнчүлүгү бар.

Бардык тесттерди орто эсеп менен 2 сааттан 4 саатка чейин жүргүзүп, чечим чыгарууга мүмкүндүк берген аппараттар имараттардын кыймылын да дароо көзөмөлдөйт. Имараттарда кандайдыр бир жылуу болгондо, аппаратты башкарган жооптуу адамга кабар берилет.



Тектеш кабарлар