Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Энтони Блинкен менен сүйлөштү
Сүйлөшүүнүн конструктивдүү жана пайдалуу өткөндүгү билдирилди.
1620126
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда Чавушоглу-Блинкен сүйлөшүүсүндө эки тараптуу маселелер, Афганистандагы тынчтык процесси, ушул алкакта өткөрүлө турган Стамбул конференциясы, Сирия жана Жакынкы Чыгыш маселелери талкууланды.
Сүйлөшүүнүн конструктивдүү жана пайдалуу өткөндүгү билдирилди.
Тектеш кабарлар
Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү
Сүйлөшүүдө премьер - министр Пашинян президент Эрдоганды Курман айт майрамы менен куттуктады.