Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Румынияда
Хулуси Акар расмий сапар менен барган Румынияда Түркиянын Бухарест элчилигине да барды.
![Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Румынияда](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/ac18/e7e9/9d36/5f806e2a43623.jpg?time=1718960856)
Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Түркия жана Румыниянын ортосундагы достук жана кызматташуунун келерки мезгилде дагы да алдыңкы деңгээлге жетерине ишенгендигин айтты. Акар расмий сапар менен барган Румынияда Түркиянын Бухарест элчилигине да барды.
Элчи Фүсун Арамаздан маалымат алган министр Акар сыймык дептерине буларды жазды : «Расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн Румынияда болуудан жана Бухарест элчилигибизге келүүдөн кубанычтуумун. Түркия менен Румыния аймактык жана глобалдык маселелерди чечүү жагдайында кызматташуу ичинде. Эки өлкөнүн ортосундагы достук жана кызматташуунун алдыбыздагы мезгилде да алдыңкы деңгээлге жетерине ишенемин. Бухаресттеги элчилигибиздин аткарган иштери да эки өлкөнүн ортосундагы карым - катнаштардын өнүгүшүнө маанилүү салым кошууда».
Улуттук коргоо министри Акар сапарынын негизинде Румыниянын коргоо министри Николае Лолен Сюка менен жолугушат. Эки министр делегациялар аралык жолугушууларга жетекчилик кылышат. Акар Бухарест түрк шейиттигине да барат.
Тектеш кабарлар
![Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/2c2c/2e17/7c21/667433d0d3b4a.jpg?time=1718960856)
Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты
Мехмет Шимшек Британияда Chatham House уюштурган конференцияда сөз сүйлөдү.