Парламенттин спикери жана коштоосундагы делегация Украинага сапар менен берет

Расмий сапар менен Киевге бара турган Шентопту Украинанын парламент спикери Дмитро Разумов тосуп алат.

1594325
Парламенттин спикери жана коштоосундагы делегация Украинага сапар менен берет

Түркия Улуттук Парламентинин спикери Мустафа Шентоп жана коштоосундагы парламент делегациясы 5 – 6 -мартта Украинага сапар менен барат.

Расмий сапар менен Киевге бара турган Шентопту Украинанын парламент спикери Дмитро Разумов тосуп алат. Жекеме жеке сүйлөшүүдөн кийин делегациялар аралык жолугушууга жетекчилик кыла турган Шентоп менен Разумов андан кийин биргелешкен пресс- жыйын өткөрүшөт.

Шентоп Украина парламентинин Жалпы Кеңешине барып парламенттин дептерине кол жазмасын калтырат.

Борбор шаар Киевдеги «Жеңиш аянтына» барып, «Белгисиз аскер» эстелигине гүл чамбар койо турган Шентоп, Холодомор эстелигин да зыярат кылат.

Парламенттин спикери Шентоп жана коштоосундагы парламент делегациясын Украинанын президенти В. Зеленский кабыл алат. Делегация премьер- министр Денис Шмихал менен тышкы иштер министри Дмитро Кулеба менен да жолугушат.

Тектеш Крым татар түрктөрү, Ахыска түрктөрү менен Гагауз түрктөрүн өз – өзүнчө кабыл ала турган Шентоп андан кийин Украинадагы түрк ишкерлер жана жарандары менен жолугушат.

Парламенттин спикери Шентоп Украинада тарыхый жерлерди да кыдырат.



Тектеш кабарлар