Уурдалып кеткен түрк жарандары куткарылды

Гвинея булуңунда 23-январда «Моцарт» кемесине деңиз каракчыларынын кол салуусунун натыйжасында 15 түрк жараны уурдалып кеткен жана кол салуу учурунда бир Азербайжан жараны каза болгон.

1582700
Уурдалып кеткен түрк жарандары куткарылды

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги, Нигериянын жээктеринде каракчылар тарабынан уурдалып кеткен «Моцарт» аттуу кемедеги 15 түрк жараны куткарылып коопсуз жерге баргандарын, ден-соолуктарынын текшерилгендигин жана тез арада Түркияга жөнөтүлө тургандарын билдирди.

Министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, бул окуядан кийин дароо президент Режеп Таййип Эрдоган процесске жеке өзү байкоо салып, тийиштүү мекемелердин катышуусунда бул 15 түрк жаранын куткаруу үчүн иш алып баруу тобун түзүүгө буйрук бергендиги, тийиштүү мекемелердин Түркиянын аймактагы элчиликтери менен макулдашып иштей башташкандыгы эске салынды.

Билдирүүдө 6-февралда Габонго бир делегация барып сүйлөшүүлөрдү баштагандыгы жана Улуттук чалгындоо агенттигинин тобу да кеменин ээси болгон компаниянын аракети менен аймакка жөнөтүлгөндүгү кабарланды.

Бардык мекемелердин натыйжалуу координациясы жана кызматташтыгынын негизинде, ошондой эле кеменин ээси болгон компаниянын жарандарды бошотуу боюнча жигердүү иш-аракеттеринин натыйжасында жарандар кечээ аман-эсен куткарылды деп айтылганган билдирүүдө: «15 жараныбыз коопсуз жерде жана алардын ден-соолугун текшерүү иштери жүрүп жатат. Урматтуу министрибиз, жарандарыбыздын бардык үй-бүлөлөрү менен сүйлөштү. Жарандарыбыздын тез арада Нигериядан өлкөбүзгө өткөрүлүп берилиши камсыздалат», делди.

Гвинея булуңунда 23-январда «Моцарт» кемесине деңиз каракчыларынын кол салуусунун натыйжасында 15 түрк жараны уурдалып кеткен жана кол салуу учурунда бир Азербайжан жараны каза болгон.



Тектеш кабарлар