Хулуси Акар Түрк куралдуу күчтөрүнүн Ирактын түндүгүндөгү күрөшү улантыларын билдирди

Хулуси Акар, Карс шаарында улантып жаткан «Кыш-2021 Түркия-Азербайжан батальонунун Бириккен ыкчам күчтөрүнүн машыгуусунда» сөз сүйлөдү.

1581780
Хулуси Акар Түрк куралдуу күчтөрүнүн Ирактын түндүгүндөгү күрөшү улантыларын билдирди

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Түрк куралдуу күчтөрүнүн (TКK) Ирактын түндүгүндөгү күрөшү улантыларын билдирди.

Хулуси Акар, Карс шаарында улантып жаткан «Кыш-2021 Түркия-Азербайжан батальонунун Бириккен ыкчам күчтөрүнүн машыгуусунда» сөз сүйлөдү.

Акар, TКK жана Азербайжан Куралдуу күчтөрү, шаймандары жана квалификациялуу персоналы менен кургакта, деңизде, абада, кышта, жайда, тоодо жана түздүктө кандай гана тапшырма болбосун, аларды аткара турган күчкө ээ экендигин көрсөттү деп билдирди.

Акар Ирактын түндүгүндөгү Гара аймагында жүргүзүлүп жаткан «Чеңгел бүркүт-2» операциясына байланыштуу билдирүү жасап, «Биз ар кандай коркутууларга жана коркунучтарга даяр болушубуз керек. Анткени коркутуулар менен коркунучтардын саны гана эмес, сапаты дагы өзгөрдү. Ирактын түндүгүндө биздин күрөш улантылат. Террористтердин баш калкалоочу жайларын талкаладык»,-деди.

Акар, Түркиянын НАТО темасындагы тажрыйбалары жана билимдерин бөлүшүп, Ирактын Куралдуу күчтөрүнүн дагы натыйжалуу болушу үчүн салымыбызды кошууга даяр экенибизди билдирди.

Министр Акар ошондой эле Сириянын түндүк бөлүгү жөнүндө «Террор коридору ошол жерде талкаланды. Террор коридору ал жерде мындан кийин орнотулбай тургандыгын баары билиши керек»деген маалыматты берди.

Греция менен болгон чыңалууга жана Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги окуяларга токтолгон Хулуси Акар: «Греция чыңалуудан алыс болуп, коркутуп-үркүткөн тилинен баш тартып, алар менен эч жакка кете албай тургандыгын көрүшү керек. Кипр болобу, Эгейби же Жер Ортолук деңизиби, биздин үчүнчү жактардан күткөнүбүз объективдүү болуу, ичиндеги көйгөйлөрдү баалап, акыл, логика менен жана акыл-эстин негизинде баа берүүлөрү»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар