УКМ түрк аскерлеринин нөөмөтүн чагылдырган видеолорду бөлүштү

Түрк аскерлери мекен үчүн нөөмөтүн улантууда.

1578406
УКМ түрк аскерлеринин нөөмөтүн чагылдырган видеолорду бөлүштү

Түрк аскерлери ызгардуу суук жана кар борошосуна карабастан мекен үчүн нөөмөтүн улантууда.

Улуттук Коргоо министрлиги (УКМ), түрк аскерлеринин минус 30 градус жана 3 миң метр бийиктиктеги убактылуу базада жашоо үчүн күрөшүн чагылдырган видеолорду бөлүштү.

Видеолор министрликтин социалдык тармактагы баракчаларынан «Кар борошосу убагында тартылган баатырдыктын, курмандыктын жана кайраттуулуктун көрүнүштөрү» деген билдирүү менен бөлүшүлдү.

Видеодо түрк аскерлеринин кар борошосунан улам бири-бирин көрө албай кыйналганына карабастан окопторун күрөк менен ачууга аракет кылгандары жана кулап калган морду оңдогон учурлары тартылган.



Тектеш кабарлар