Улуттук Коргоо министрлиги Сириянын түндүгүндөгү террордук кол салууларды айыптады

Улуттук Коргоо министрлигинин Твиттердеги эсебинде билдирүү жарыяланды.

1574588
Улуттук Коргоо министрлиги Сириянын түндүгүндөгү террордук кол салууларды айыптады

Улуттук коргоо министрлиги (УКМ), Сириянын түндүгүндөгү Баб жана Азез райондорундагы ПКК/ЙПГ мүчөлөрүнүн террордук кол салуулары боюнча,«Бул террористтердин аягы, алардын кыялдары менен казган чуңкурларга көмүлүү, төгүлгөн күнөөсүздөрдүн канына чөгүү болот»,деп билдирилди.

Улуттук коргоо министрлигинин Твиттердеги эсебинде жарыяланган билдирүүдө Сириянын түндүгүндө кан төгүүдөн башка эч кандай максаты жок террордук уюм ПКК/ЙПГнын, кечээ Африн шаарынын борборундагы террордук кол салуудан кийин бүгүн Азез менен Аль Бабдагы жарандарды бутага алгандыгы белгиленди.

Адамзаттын душманы болгон террордук уюм ПКК/ЙПГнын мүчөлөрү 10 жаранды өлтүрүп, 24 кишини жарадар кылгандыгы белгиленген билдирүүдө, «Аймактагы тынчтыкты жана коопсуздукту бузуу үчүн адамзаттын акылына сыйбаган кол салуулары менен сириялык боордошторубузду өлтүргөн бул террористтердин аягы, алардын кыялдары менен казган чуңкурларга көмүлүү, төгүлгөн күнөөсүздөрдүн канына чөгүү болот»,делди.

 



Тектеш кабарлар