Түркия Камерунга көңүл айтты

Камерундун Дсчан кыштагында автобус менен бир жүк ташуучу машина кагылышып, унаалар өрттөнүп, 53 кишинин каза болгондугу, 29 кишинин жаракат алган.

1573565
Түркия Камерунга көңүл айтты

Түркия Камерундун түштүк батышындагы Дсчан айылында авутобус менен жүк ташуучу машина кагылышкан кырсыкта каза болгондор үчүн көңүл айтты.

Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта 27 -  январдагы авто жол кырсыгында 53 кишинин каза болгондугу билдирилди. Маалыматта : «Бул окуядан улам Камерун калкынын жана өкмөтүнүн кайгысын бөлүшөбүз. Каза болгондордун үй  - бүлөлөрүнө көңүл айтып, жаралуулардын бат айыгып кетишин каалайбыз»,- деп билдирилди.

Өлкөдө Дсчан кыштагынын жакындарындагы Фалаис аймагында 70ке жакын жүргүнчүнү ташыган автобус менен бир жүк ташуучу машина кагылышып, унаалар өрттөнүп, 53 кишинин каза болгондугу, 29 кишинин жаракат алгандыгы маалымдалган.

 



Тектеш кабарлар