«Моцарт» кемесинин экипажын уурдаган каракчылар менен алгачкы байланыш түзүлдү

Каракчылар акча үчүн компаниянын Германиянын Гамбург шаарындагы кеңсесине кайрылышты.

1573138
«Моцарт» кемесинин экипажын уурдаган каракчылар менен алгачкы байланыш түзүлдү

Нигериянын жанындагы Либерия желеги илинген «Моцарт» аттуу контейнер кемесиндеги 15 түрк деңизчисин уурдап кеткен каракчылар менен алгачкы байланыш түзүлдү.

Каракчылар акча үчүн компаниянын Германиянын Гамбург шаарындагы кеңсесине кайрылышты. Кеме капитаны менен компаниянын кызматкерлерин сүйлөштүргөн каракчылар бардык экипаждын аттарын санап, алардын жакшы экендиктерин далилдешти.

Boden Shipping компаниясы жасаган билдирүүдө, «Боден 2021-жылдын 23-январында Сан-Томеден уурдалган контейнер кемеси Моцарттын экипаж мүчөлөрү менен байланышты. Экипаждын 15 мүчөсүнүн баардыгынын ден-соолугу чың, эч кандай жаракат алышпагандыгы жана чогуу экендиги жөнүндө маалымат берилди»,делди.

Эң биринчи жана бирден-бир приоритет экипаждын тезирээк бошотулушун камсыз кылуу экендиги баса белгиленген билдирүүдө, экипаждын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн коопсуздугун жана ден-соолугун коргоо максатында бул маселе боюнча эч кандай кошумча комментарий берилбейт деп кабарланды.

«Моцарт» аттуу британиялык компанияга таандык кеме 23-январда Нигериянын жанында Гвинея булуңунда деңиз каракчыларынын кол салуусуна дуушар болгон.

Экипаждын 19 мүчөсүнүн 15ин уурдаган каракчылар экипаждын курамындагы Азербайжан жаранын өлтүрүп коюшкан. Кеме Габондун Порт-Жентил портуна 3 экипаж мүчөсү менен келген.



Тектеш кабарлар