Эрдоган Ляйен менен видео конференция өткөрдү

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө ылайык, видео конференцияда Түркия-Европа Биримдиги карым-катнаштарын өркүндөтүү маселелери каралды жана аймактык абалдарга баа берилди.

1560625
Эрдоган Ляйен менен видео конференция өткөрдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Европа Биримдиги (ЕБ) Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен менен видео конференция өткөрдү.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө ылайык, видео конференцияда Түркия-Европа Биримдиги карым-катнаштарын өркүндөтүү маселелери каралды жана аймактык абалдарга баа берилди.

Президент Эрдоган, конференция учурунда, Европа Биримдигинин Түркия күн тартибиндеги артыкчылыктуу позициясы жана Түркиянын келечегин Европада көрө тургандарын билдирди.

Жаңы жылда ЕБ менен карым-катнаштарда жаңы барак ачууну каалагандыктарын белгилеген Эрдоган, 2020-жылы ЕБнин айрым мүчөлөрүнүн амбицияларынан жана жасалма көйгөйлөрүнөн улам жетиштүү деңгээлде пайдаланылбай калганын жана бул кырдаал мамилелердин келечеги үчүн гана эмес, кеңири жалпы регионалдык жактан да туруктуу болбой тургандыгын айтты.

Президент Эрдоган, Түркия-Европа Биримдигинин карым-катнаштарында биринчи этапта оң күн тартиби үчүн колдонула турган эң маанилүү каражаттын 18-март Меморандумунун жаңылануусу болгонун белгилеп, 2021-жылы иммиграция жаатында баштала турган жаңы кызматташтык үчүн ыңгайлуу шарттарды сунуш кылды.

Бажы биримдигинин жаңылануусу, Түркиянын жарандары үчүн визаны либералдаштыруунун камсыздалышы жана мүчөлүк сүйлөшүүлөрүндө кадам ташталышы керектигин айткан Президент, өз ара ишенимди калыбына келтирүү, консультация механизмдерин кайра иштетүү, коңшудан жогору турган сүйлөшүү процессиндеги талапкер өлкө болгон Түркияга карай басмырлоо аракеттерине жана риторикага жол бербөө үчүн кадамдар жасалышы керек экендигин баса белгиледи.

Президент Эрдоган, үзгүлтүксүз түрдө Түркия-Европа Биримдигинин саммиттерин жана жогорку деңгээлдеги диалог жолугушууларын кайра баштоонун пайдасы бар экендигин айтты.



Тектеш кабарлар