Эрдоган: «Түркиянын 2021-2030-жылдарга карата Улуттук космос программасын жакында жарыялайбыз»

Президент Эрдоган, Спутник технологиялары жумалыгынын атайын сессиясына Стамбулдагы Вахдеттин Сарайынан түз байланышып катышты.

1560027
Эрдоган: «Түркиянын 2021-2030-жылдарга карата Улуттук космос программасын жакында жарыялайбыз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын 2021-2030-жылдарга карата Улуттук космос программасын жакында жарыялай тургандарын айтты.

Президент Эрдоган, Спутник технологиялары жумалыгынын атайын сессиясына Стамбулдагы Вахдеттин Сарайынан түз байланышып катышты.

Америка Кошмо Штаттарынан (АКШ) космоско учурулган Түрксат 5A спутнигинин сапарынын ийгиликтүү болушун жана белгиленген мөөнөттө өз миссиясын баштоосун каалагандыгын баса белгилеп Эрдоган: «(Түрксат 5A спутниги) Ушундайча Түркиянын космостогу активдүү спутник санын 7ге көбөйткөн болдук»,- деди.

Эрдоган: «Космостогу спутниктерибизден үчөө байланыш, үчөө да байкоо салуу максатында иштейт. Түркия космосто орбита укугуна ээ 30 мамлекеттин бири. Чыгыш орбитадагы космостук укуктарыбызды 30 жыл гарантияга алабыз»,- деп айтты.

Түркия үчүн маанилүү болгон Түрксат 5А спутнигин долбоорлоого, өндүрүүгө, космоско учурууга салым кошкондорго ыраазычылыгын билдирген Эрдоган: «Түрксат 5Бдан кийин жаңы деңгээлге өтүүнү пландап жатабыз. Биздин максат - Түрксат 6Aны космостогу ордуна жайгаштыруу»,-деди.

Келээрки жылы атамекендик дизайн жана өндүрүш болгон IMECE аттуу жогорку резолюциялуу байкоо спутнигин да космоско жөнөтө тургандарын билдирген Эрдоган, жакын арада 2021-2030-жылдарга карата Улуттук Космос программасын жарыялай тургандарын баса белгиледи.

Микро спутникти учуруу объектисин куруу иштерин жүргүзүп жатышкандыгын баса белгилеген Эрдоган: «Өзгөчө жаштарыбыздын буга байланыштуу толкундануусун кубануу менен байкап жатабыз. Биз космостук жана спутниктик технологиялар жаатында өлкөбүздү бренд кылууга чечкиндүүбүз. Бардык досторубузга жана туугандарыбызга да барган сайын өнүккөн инфраструктурабыздан пайдаланууга мүмкүнчүлүк берүүдөбүз. Биз космос мейкиндигиндеги катышуубузду жана мүмкүнчүлүктөрүбүздү үзгүлтүксүз жогорулатуу боюнча аракеттерибизди улантып жатабыз»-деди.



Тектеш кабарлар