Түркия АКШны акыл-эстүүлүккө чакырды

Тышкы иштер министрлиги билдирүү жөнөттү.

1558813
Түркия АКШны акыл-эстүүлүккө чакырды

Түркия, Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) президенттик шайлоодон кийинки ички баш аламандыктарга тынчсыздануу менен байкоо жүргүзгөнүн билдирди.

Тышкы иштер министрлиги жасаган билдирүүдө АКШда кечээ Конгресстин имаратын демонстранттардын басып алуу аракетине чейин барган ички окуялардын тынчсыздануу менен байкалгандыгы кабарланды.

«Биз АКШдагы бардык тараптарды байистүүлүккө жана акыл-эстүүлүккө чакырабыз. АКШ бул ички саясий кризисти жетилгендик менен жеңип чыгат деп ишенебиз»,делген билдирүүдө АКШдагы түрк жарандарына эл көп чогулган жерлерден жана демонстрация өткөрүлгөн жерлерден алыс туруу сунушталды.



Тектеш кабарлар