Түркия Хорватиядагы жер титирөөдөн жапа чеккендерге жардам көрсөтүүдө

Жер титирөөдөн жабыркагандарды кыш мезгилинде жылыта турган 272 жылыткыч жана 16,5 чарчы метрдик 480 даана үй-бүлөлүк чатырдын Хорватияга жеткирилгендиги маалымдалды.

1558082
Түркия Хорватиядагы жер титирөөдөн жапа чеккендерге жардам көрсөтүүдө

Хорватияда болгон 6,2 баллдык жер титирөөдөн кийин жапа чеккендерге Түркиядан жардам жеткирилди.

Апаат жана чукул кырдаалды башкаруу башкармалыгынын (AFAD) билдирүүсүндө, 2020-жылдын 29-декабрында Хорватияда болгон жер титирөөнүн себебинен 7 киши каза болуп, 28 кишинин жаракат алгандыгы эске салынды.

Билдирүүдө жер титирөөдөн жабыркагандарды кыш мезгилинде жылыта турган 272 жылыткыч жана 16,5 чарчы метрдик 480 даана үй-бүлөлүк чатырдын Хорватияга жеткирилгендиги маалымдалды.

Билдирүүдө: «AFADдын 30 контейнер үйү 3-январда (Түркия убактысы боюнча) саат 06:00дө Ро-Ро кемесине жүктөлүп жолго чыккан. Калган 70 контейнер үйдүн да 5-январь күнү кечинде кайрадан деңиз аркылуу жөнөтүү пландалууда», делди.



Тектеш кабарлар