Ички иштер министринин орун басары Исмаил Чатаклы террор менен күрөшүү тууралуу маалымат берди

Өткөн жылы ПКК террордук уюмдун 243 террористи  ынандыруу жолу менен багынды.

1557713
Ички иштер министринин орун басары Исмаил Чатаклы террор менен күрөшүү тууралуу маалымат берди

Өткөн жылы ПКК террордук уюмдун 243 террористи  ынандыруу жолу менен багынды.

Ички иштер министринин орун басары жана министрликтин катчысы Исмаил Чатаклы айлык  маалыматтандыруу жыйынында террор менен күрөшүүдө келинген акыркы абал тууралуу маалымат берди. Ушуга караганда өткөн жылы жүргүзүлгөн операцияларда кызыл категорияда изделген 9 террорист менен уюмдун 104 жогорку мартабалуу террористи  жок кылынды.

Өткөн жылы  уюмдун 321 мүчөсүнүн багынганын белгилеген Чатаклы булардан ПКК мүчөсү экендиги белгиленген 243 кишинин үй  - бүлөлөрү менен жолугуштурулуп ынандыруу жолу менен тоодон түшүрүлгөндүгүн айтты.

Чатаклынын берген маалыматына караганда 2020 – жылдын 8 -  январынан 12 -  июлга чейин 9 башка аймакта  жүргүзүлгөн «Капкан» операциялары жана 13 -  июлда башталып  17  башка аймакта улантылган «Йылдырым» операцияларынын негизинде 262 террорист жок кылынды. Террордук уюм менен кызматташкан 173 киши кармалды.

Ошол эле операцияларда курал, жарылуучу заттар менен көп сандаган тамак  - аш жана турмуштук материалдар колго түшүрүлдү.



Тектеш кабарлар