Түркиядагы коронавирус боюнча акыркы кырдаал...

Акыркы 24 саатта вирустан 254 киши көз жумду.

1552806
Түркиядагы коронавирус боюнча акыркы кырдаал...

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 254 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 19 миң 878 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 172 миң 113 тест жасалып, 2 миң 806 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 14 миң 205 болду.

Ооруканадан айыгып чыккан 21 миң 196 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 2 миллион 15 миң 230га жогорулады.

Ошол эле учурда, Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа (Кытайдын борбору) Пекиндин бажыканасында аныкталган Ковид-19 учурунун себебинен, бажы мобилдүүлүгүнө убактылуу тыныгуу берилгенин, ошондуктан вакциналардын Түркияга келүүсү бир-эки күн кечеңдетилгенин маалымдады.


Этикеткалар: #Ковид-19 , #Түркияда

Тектеш кабарлар