Түркия менен Украина биргелешип өндүрө турган корветтер Николаев шаарында чыгарылат
Эки өлкөнүн ортосунда бир канча келишимдерге кол коюлган болчу.
1549685
![Түркия менен Украина биргелешип өндүрө турган корветтер Николаев шаарында чыгарылат](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/2455/0c3b/155e/5fe1a24d52e3f.jpg?time=1718739839)
Түркия менен Украина биргелешип өндүрө турган корветтер Украинанын Николаев шаарындагы Океан ишканасында чыгарылат.
Кеме заводунун билдирүүсүндө, Украина менен Түркиянын ортосунда октябрь айында кол коюлган аскердик кызматташтык келишиминин алкагында жана 14-декабрдагы келишимдердин негизинде Украинада деңиз флоту үчүн корвет өндүрүү жаатында Түркиянын коргоо өнөр жайы башкармалыгы менен меморандумга кол коюлгандыгы белгиленди.
Билдирүүдө, кеме заводунун Түркиянын коргоо өнөр жайы башкармалыгы тарабынан техникалык өзгөчөлүктөрү жана квалификациялуу кызматкерлери эске алынып тандалып алынгандыгы белгиленди.