Түркия 4 өлкө менен учак каттамдарын токтотту
Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа, Твиттер социалдык медиа тармагында билдирүү жарыялады.
Британия, Дания, Нидерландия жана Түштүк Африка Республикасынан Түркияга учкан учактар убактылуу токтотулду.
Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа, Твиттер социалдык медиа тармагында жарыялаган билдирүүсүндө, «Коронавирустун (Ковид-19) мутациясы менен Улуу Британияда жуктуруу ылдамдыгы жогорулагандыгы кабарланды. Президентибиздин (Режеп Таййип Эрдоган) буйругу, Транспорт жана инфраструктура министрлигибиздин координациясы менен чара көрүү иретинде; Англия, Дания, Нидерландия жана Түштүк Африка Республикасынан өлкөбүзгө каттамдарды убактылуу токтотуу чечими кабыл алынды»,деп жазды
Министр Кожа: «Иш-чаралардын алкагында бардык жүргүнчүлөр тестирлөөдөн өтүп, каттамда турган рейстерге карантиндик эрежелер колдонулат»,-деди.
Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюму Англияда табылган вирустун мутацияланган варианты Нидерландия, Дания жана Австралияда дагы байкалганын билдирди.