Фуат Октай: «Түркия менен күрөшүү эмес, Түркия менен достук мамиле пайда алып келет»

Вице-президент Фуат Октай,борбор шаар Анкарада өткөрүлгөн Улуттук кибер коопсуздук саммитинде сөз сүйлөдү.

1549291
Фуат Октай: «Түркия менен күрөшүү эмес, Түркия менен достук мамиле пайда алып келет»

Вице-президент Фуат Октай, Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Түркияга санкция киргизүү чечимине каршылык көрсөтүп, «Түркия менен күрөшүү эмес, Түркия менен достук мамиле пайда алып келет»,-деди.

Фуат Октай борбор шаар Анкарада өткөрүлгөн Улуттук кибер коопсуздук саммитиндеги сөзүндө, Түркиянын экспортко көз каранды коргонуу өнөр жайы өндүрүмдөрүндөгү өтмүштө болгон эмбарголорду унутпагандарын белгилеп, «Ал тоскоол болуучу менталитет бүгүнкү күндө башкача жабууну жамынган түрдө алдыбызга чыгууда. Алардын кандай түрдө тоскоол болууга аракет кылышса дагы, эми биздин президенттин жетекчилиги астында санкцияны, келечекке инвестицияга айландырган Түркия бар»,-деп айтты.

Кибер коопсуздугу жаатындагы технологиялар боюнча бирдей чечкиндүүлүккө ээ экендигин белгилеген Октай: «Түркиянын маалыматтары Түркияда калат, биз купуялуу жерибиздин ачкычын башка бирөөнө бербейбиз. Түркиянын маалыматтары атамекендик жана улуттук брандмауэр менен корголот»,-деди.

«Санкциялар менен,  Түркия менен күрөшүү эмес, Түркия менен бирге болуу, Түркия менен достук пайда алып келет»,-деп айткан Октай, кибер коопсуздукту жана санариптик кызматташууну бүткүл дүйнөгө сунуштады.

Октай: «Түркия менен достук мамиленин киреше алып келгенин дүйнө жүзү көрө алат. Тескерисинче колдонмолор, санкциялар же ушул сыяктуу нерселер бизге жөн гана түрткү бербет, биздин ылдамдыгыбызды күчөтөт. Андан тышкары, бизге терс таасирин тийгизбейт»,-деди.

Түркиянын кибер коопсуздугу жаатында техникалык, укуктук жана уюштуруучулук көз караштан алганда маанилүү жолду басып өткөн өлкөлөрдүн катарында орун алганын айткан Фуат Октай: «Кибер өлкөдөгү эгемендүүлүгүбүздү бекемдөө иш-аракеттеринин натыйжасында, биз Глобалдык кибер коопсуздук индексинде 23 сапка көтөрүлүп, дүйнөдө 20-орунду ээледик»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар