Түркиянын үчүнчү бургулоочу кемеси «Кануни» Кара деңизде бургулоого катышууга даярданууда

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез,Твиттердеги баракчасынан «Кануни» бургулоочу кемесинин кадрлары камтылган 46 секунддук видеону бөлүштү.

1540444
Түркиянын үчүнчү бургулоочу кемеси «Кануни» Кара деңизде бургулоого катышууга даярданууда

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез, Түркиянын үчүнчү бургулоочу кемеси Канунинин, Кара деңизде бургулоону ачууга даярданганы кабарланды.

Дөнмез өзүнүн Твиттердеги баракчасынан «Кануни» бургулоочу кемесинин кадрлары камтылган 46 секунддук видеону бөлүштү.

Министр Дөнмез: «Кануни шамалы катуу Кара деңизде бургулоого даярданып жатат. Мунара бирикти. Артка саноо башталды ...»,-деди.

Түркия мунай заттары акционердик коому (TPAO) инвентаризациясына жылдын башында кошулган «Кануни», 2012-жылы курулган. 11400 метр тереңдикке жана 3000 метр бургулоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон «Кануни» 6-муундагы ультра-деңиз бургулоо кемеси катары да белгилүү.

13-октябрда Мерсиндин Ташужу портунан чыгып, 19-октябрда орто эсеп менен 8 чакырым ылдамдыкта Босфор аркылуу өтүп, Хайдарпаша портуна келди.

Түркиянын үчүнчү бургулоочу кемеси «Кануни» 13-ноябрда энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмездин катышуусунда өткөн узатуу иш-чарасынан кийин 14-ноябрда Филёс портуна жетти.



Тектеш кабарлар