Мустафа Шентоп жана Али Эрбаш Искече муфтийине багытталган расисттик коркутууну айыпташты

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (Парламент) төрагасы Мустафа Шентоп жана Дин иштери боюнча төрага Али Эрбаш Твиттердеги баракчаларынан окуяга каршылык көрсөтүштү.

1536202
Мустафа Шентоп жана Али Эрбаш Искече муфтийине багытталган расисттик коркутууну айыпташты

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (Парламент) төрагасы Мустафа Шентоп, Грециянын Искече муфтийи Ахмет Метеге карата расисттик коркутуу билдирүүлөрү жазылуусун айыптады.

Метеге расисттик кол салууга социалдык медиа аккаунту аркылуу каршылык көрсөткөн Шентоп: «Мен Батыш Фракиядагы Искеченин муфтийи Ахмет Метенин үйүнө жасалган кол салууну айыптайм. Түрк азчылыгынын укугун коргоого убада бергендердин көңүлүн бурам. Европа Биримдиги да кол салууга дуушар болгон мусулман болгондо адам укуктарын эске алат деп ишенем».

Дин иштери боюнча төрага Али Эрбаш дагы өзүнүн Твиттер баракчасындагы бөлүшүүсүндө, «Искече муфтийи Ахмет Метеге кол салууну кескин айыптайбыз, биз түрк азчылыгынын жана анын Батыш Фракиядагы өкүлдөрүнө карай жек көрүү мамилесинин күнөөкөрлөрүнүн тез арада грек бийликтери тарабынан жоопко тартылышын күтөбүз»,-деп айткан.



Тектеш кабарлар