Жер Ортолук деңизинде грек танкери менен түрк кемеси кагышты

Кемедеги 5 кишиден төртөөнүн сөөгүнүн табылгандыгы билдирилди.

1525845
Жер Ортолук деңизинде грек танкери менен түрк кемеси кагышты

Жер Ортолук деңизинде грек желектүү танкер менен түрк желектүү балык уулоочу кеме кагышып, 4 адам каза болду.

Адана Губернаторлугу, Жер ортолук деңизиндеги Караташ районунун жээктеринде Грециянын желеги илинген танкер менен сүзүшкөн түрк желектүү балык уулоочу кемедеги 5 кишиден төртөөнүн сөөгүнүн табылгандыгын билдирди.

Жээк Коопсуздугу командачылыгынын билдирүүсүндө Түркия убактысы боюнча саат 05.50дө Караташ районунун жээктеринде грек желектүү танкер менен түрк желектүү балык уулоочу кеменин кагышканы жана кеменин оодарылып кеткендиги жөнүндө маалымат алган үч жээк коопсуздугу катери менен бир коопсуздук суучулу десантынын аймакка жөнөтүлгөндүгү кабарланды.



Тектеш кабарлар