Чавушоглу: «Баатыр Азербайжан армиясы менен сыймыктанабыз»

Чавушоглу президент Режеп Таййип Эрдогандын демөөрчүлүгү менен башталган «Келечекке дем, Дүйнөгө дем» өнөктүгүнүн Азербайжандагы программасына катышты.

1526070
Чавушоглу: «Баатыр Азербайжан армиясы менен сыймыктанабыз»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу ар дайым Азербайжандын жанында экендиктерин билдиришкендерин жана муну сөздөрү менен гана эмес ар бир аянтчада колдоо көрсөтүү менен көрсөтүшкөндөрүн белгиледи.

Чавушоглу президент Режеп Таййип Эрдогандын демөөрчүлүгү менен башталган «Келечекке дем, Дүйнөгө дем» өнөктүгүнүн Азербайжандагы программасына катышты.

Бакунун Хожасен шаарчасындагы программада Чавушоглунан тышкары Азербайжандын премьер-министри Али Асадов, Тышкы иштер министри Жейхун Байрамов, экология жана жаратылыш ресурстары министри Мухтар Бабаев жана айыл чарба министри Инам Керимов дагы болушту.

Баатыр Азербайжан армиясынын катуу күрөшүп басып алынган жерлерди куткаргандыгын эске салган Чавушоглу: «Акыры чоң жеңишке жетишилди. Эми калган жерлер график боюнча Азербайжанга кайтарылып берилет. Биз аларды ишке ашыруу аракеттеринде да боордош Азербайжан менен бирге болобуз. Баатыр Азербайжан армиясы менен сыймыктанабыз. Түрктүн күчүн бүтүндөй дүйнөгө көрсөттү»,- деп айтты.

Азербайжандын тышкы иштер министри Байрамов да Азербайжан элинин күрөшүнө көрсөткөн колдоосу үчүн Эрдоган менен бирге жалпы түрк элине ыраазычылык билдирди.



Тектеш кабарлар