Чавушоглу босниялык жана хорватиялык кесиптештери менен жолукту

Жолугушууларга Твиттердеги баракчасынан баа берди.

1523401
Чавушоглу босниялык жана хорватиялык кесиптештери менен жолукту
Gordan Grliç Radman-cavusoglu.jpg
cavusoglu turkovic mutabakat.jpg

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Босния -Герцеговинанын туруктуулугу жана бүтүндүгү үчүн күчтүү колдоонун улантыларын билдирди.

Мевлүт Чавушоглу кечээ Анталиядагы Белек туризм борборундагы мейманканада өткөрүлгөн Түштүк-Чыгыш Европа Кызматташтык Процессинин Тышкы иштер министрлеринин расмий эмес жыйынынын алкагында Босния-Герцеговинанын тышкы иштер министри Бисера Туркович менен жолугушту.

Эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө министрликтердин ортосунда дипломатиялык архивдер жана протоколдор жаатында кызматташуу боюнча эки меморандумга кол коюлду.

Чавушоглу, социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө: «Босния-Герцеговинанын туруктуулугу жана бүтүндүгү үчүн биздин күчтүү колдообуз улана берет»,- деди.

Чавушоглу Хорватиянын тышкы иштер министри Гордан Грлич Радман менен да жолугушту.

Жолугушууга Твиттердеги баракчасынан баа берген Чавушоглу, кесиптеши менен эки тараптуу карым - катнаштарды жана аймактык маселелерди талкуулагандарын айтты.

Министр Чавушоглу: «Биз биргелешкен экономикалык жана соода комиссиясын түзүп, кошмо экономикалык комиссияны жандандыралы деп жатабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар