Түркиянын террор менен күрөшүүсү уланууда

Улуттук Коргоо министрлиги (МСБ) тарабынан жасалган билдирүүдө террористтер «Тынчтык булагы» аймагына кирүүгө аракет кылышканы кабарланган.

1514125
Түркиянын террор менен күрөшүүсү уланууда

Сириянын «Тынчтык булагы» аймагында жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГге мүчө үч террорист жок кылынды.

Улуттук Коргоо министрлиги (МСБ) тарабынан жасалган билдирүүдө террористтер «Тынчтык булагы» аймагына кирүүгө аракет кылышканы кабарланган.

Билдирүүдө тынчтык жана коопсуздук атмосферасын бузуу максатында «Тынчтык булагы» аймагына кирүүгө аракет кылган 3 ПКК/ЙПГ террористинин  десанттар тарабынан жок  кылынгандыгы белгиленди.

Түрк Куралдуу күчтөрү (TSK) 2019-жылдын 9-октябрында Сириянын түндүгүндө террорчуларга каршы «Тынчтык булагы» операциясын баштады жана операция 2019-жылдын 25-ноябрында аяктады. Сириянын түндүгүндөгү операция менен Түркия чек арасындагы аймак 30 чакырымга чейин террористтерден тазаланды.

Башка жагынан алганда, өлкө ичиндеги операциялардын алкагында 23 жылдан бери жикчил террордук уюм ПККнын тоо штабында жигердүү иш алып барган, көк категорияда изделген, «Аманослар Дөртйол-Ислахие» деп аталган топтун жооптусу Хүсейин Ажар, Хатайда жок кылынды.

Ички иштер министрлиги тарабынан жасалган билдирүүдө, Йылдырым-5 Аманослар операциясынын алкагында 18-октябрда Хатай-Дөртйөл районунун аймагындагы Жандармериянын десанттык  жана Жандармерия атайын операциялар (JÖH) бөлүмдөрү тарабынан жүргүзүлгөн операцияда 4 террористтин жок кылынгандыгы эске салынды.

Билдирүүдө, жок кылынган террористтердин бири 2016-2017-жылдары аталган уюмдун Аманослар Саха Дөртийол-Ислахие тобунун жооптуусу жана уюмдун талаа аткаруучу мүчөсү деп аталган, 23 жылдан бери уюмдун тоо штабында иштеп келген жана издөөдө жүргөн террорчулардын тизмесине 3 миллион лирага чейин сыйлык менен «Көк» категориясына кирген, Дилшер каймана аты менен Хусейин Ажар экендиги жазылган.



Тектеш кабарлар