Оруч Реис үчүн жаңы NAVTEX

Оруч Реис сейсмологиялык изилдөө кемеси Анталиянын портунан чыгып кетти.

1507387
Оруч Реис үчүн жаңы NAVTEX

Оруч Реис сейсмологиялык изилдөө кемеси Анталиянын портунан чыгып кетти.

Кеме Жер Ортолук деңизде иштей турган аянт үчүн 12 -  октябрда башталып 22 -  октябрда аяктай турган жаңы NAVTEXтин жарыяланышынан кийин Оруч Реис эрте мененки сааттарда Анталия портунан кетти.

Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги сейсмикалык чалгындоо жана изилдөө иш - аракеттеринен кийин бир нече убакыт мурун Анталия портуна келген Оруч Реис сейсмикалык изилдөө кемесинин күйүүчү май  куюу жана оңдоо иштери аткарылды.

Техникалык камсыздоо иштеринен кийин Анталия жакындарында кемедеги аппараттар текшерилди.

Оруч Реис геологиялык, геофизикалык, гидрографиялык жана океанографиялык изилдөөлөрдүн бардык түрлөрүн, айрыкча континенттик шельф жана табигый ресурстарды чалгындоо иштерин жүргүзө алат.

Толугу менен камсыздалган жана көп максаттуу дүйнөдө аз кездешкен кемелердин бири болгон кемеде 2 жана 3 өлчөмдүү сейсмологиялык, магниттик геофизикалык изилдөөлөрүн жүргүзө алат.

Кеме 8 000 метр тереңдикке чейин 3 өлчөмдүү, 15 000 метр тереңдикке чейин эки өлчөмдүү сейсмологиялык операцияларды аткарата алат.



Тектеш кабарлар