Түркия БУУга чакырык салды

Тышкы иштер министрлиги "Кипрдеги кырдаал" деген темада өткөн сессия тууралуу жазуу түрүндө билдирүү жасады.

1506403
Түркия БУУга чакырык салды

Түркия, Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешин Кипрдеги кырдаалга жаман ойдон алыс калыс түрдө баа берүүгө чакырды.

Тышкы иштер министрлиги "Кипрдеги кырдаал" деген темада өткөн сессия тууралуу жазуу түрүндө билдирүү жасады.

Билдирүүдө, Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин кечээги сессиясында Жабык Мараш аймагындагы акыркы абалдардын талкууланы жана  ушул алкакта Кеңеш тарабынан башчылык билдирүүсү жарыялангандыгы эске салынып, Түркиянын бул тема боюнча, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Премьер-министрлигинин түшүндүрмөсүн толугу менен колдой турганы белгиленди.

Билдирүүдө, «Кипр Түрк бийлигинин Түндүк Кипр Түрк Республикасынын аймагы болгон Жабык Мараш аймагына байланыштуу чечими, колдонууга ачылган аймакта эч кандай адилетсиз мамилени жаратпайт. Аймактын статусунда эч кандай өзгөрүү жок. Андыктан бул чечим БУУнун Коопсуздук Кеңешинин токтомдоруна каршы келет деген доомат чындыкты чагылдырбайт»,делди.

Министрлик өз билдирүүсүндө эл аралык коомчулукту Кипр Рум администрациясынын адаштыруучу пропагандасына эмес, аралдагы фактыларды эске алууга жана болуп өткөн окуяларга эч кандай зыян келтирбестен, калыс баа берүүгө чакырды.

Билдирүүдө, «Статус-квонун улантылышын коргоо Кипр аралынын жалпы ээлери болгон эки элге (түрк жана рум) пайда алып келбейт жана Кипр маселесин чечүүгө жардам бербейт», деп айтылды.

БУУнун Коопсуздук Кеңеши Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) (6-октябрда) Жабык Мараш жээгин коомчулукка ачуу чечимин жабык сессияда талкуулап, Жабык Мараш жээгин элге ачуу чечимин кабыл алган Түндүк Кипр Түрк Республикасынын бул чечимден баш тартууга чакырган болчу.

 



Тектеш кабарлар