Чавушоглу Братиславада Түрк шейиттиги жана мемориалынын ачылышын жасады

Чавушоглу 15-Глобалдык Коопсуздук Форуму үчүн Словакиянын Братислава шаарына барды.

1505208
Чавушоглу Братиславада Түрк шейиттиги жана мемориалынын ачылышын жасады
Cavusoglu Bratislava Turk Sehitligi1.jpg
Cavusoglu Bratislava Turk Sehitligi.jpg
Cavusoglu Bratislava Turk Sehitligi1.jpg
Cavusoglu Bratislava Turk Sehitligi.jpg

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Братиславадагы Түрк шейиттиги жана мемориалынын ачылышын жасады.

Чавушоглу 15-Глобалдык Коопсуздук Форуму үчүн Словакиянын Братислава шаарына барды.

Ушул алкакта Чавушоглу Словакиянын тышкы иштер министри Иван Корсак жана Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди менен жолугушту.

Ошондой эле Братислава Түрк шейиттиги жана мемориалынын ачылышын жасаган тышкы иштер министри, Биринчи Дүйнөлүк согуш учурунда Галисия фронтунда шейит кеткен аскерлердин мүрзөлөрүнө гвоздика койду.

Чавушоглу өзүнүн Твиттердеги баракчасына жазган постунда: «Галисия фронтунда жоготкон шейиттерибиздин элесин дос Словакия жерлеринде түбөлүк сактап калуу максатында Братислава Түрк шейиттиги жана мемориалын Словакиянын тышкы иштер министри Иван Корсак менен биргеликте ачтык. Бардык шейиттерибизди таазим кылып эскеремин»,- деди.



Тектеш кабарлар