Түркия Түндүк Кипр Түрк Республикасын суу менен камсыздап жатат

Түндүк Кипрге Торос тоолорунан «Жан суусунун» агымы кайрадан башталды.

1504530
Түркия Түндүк Кипр Түрк Республикасын суу менен камсыздап жатат

Вице-президент Фуат Октай, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) чек арасынын ичинде жайгашкан жана 46 жыл мурун отурукташууга жабылган "Жабык Мараш" аймагынын мыйзам чегинде ачыла тургандыгын билдирди.

Октай, өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазган билдирүүсүндө: «Биз көптөн бери жабык турган кооз МАРАШты адилеттүү жана мыйзамдуу жол менен ачып жатабыз»,-деди.

Кипр түрктөрү үчүн күнү-түнү иштешкендерин айткан Октай: «Биз Түндүк Кипр Түрк Республикасын бир күн дагы суусуз калтырбайбыз деп айтканбыз. ТКТРге Торос тоолорунан «Жан суусунун» агымы кайрадан башталды», деди.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын премьер-министри Эрсин Татар кечээ Анкарага сапары учурунда Мараштын бүгүн эртең менен ачыла тургандыгын билдирген болчу.



Тектеш кабарлар