Түркия жарандарын Кыргызстан саякаты боюнча эскертти

Түрк жарандарына Кыргыз Республикасына байланыштуу саякат эскертүүсү берилди.

1503700
Түркия жарандарын Кыргызстан саякаты боюнча эскертти

Түрк жарандарына Кыргыз Республикасына байланыштуу саякат эскертүүсү берилди.

Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта : «Кыргыз Республикасында 4 -  октябрда болгон парламенттик шайлоодон кийин кечээ башталган жана учурда улантылып жаткан окуялар менен өлкөдөгү коопсуздук шарттарынын  дагы да бузулуу ыктымалына көңүл бурулуп жарандарыбыздын мажбур болмоюнча Кыргыз Республикасына саякатка барбоолору сунуш кылынууда»,- деп билдирилди.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасындагы түрк жарандарынын министрликтин жана Түркиянын Бишкектеги элчилиги тарабынан келе турган эскертүүлөрдү жакындан иликтеп, эл көп болгон жерлерден алыс болуп жана жеке коопсуздугун ойлоо пайдалуу болору билдирилди.

Маалыматта булар белгиленди : «Жарандарыбыздын консулдук байланыш борборлоруна (9 312 292 29 29) кошумча катары Түркиянын Бишкек элчилигине  +996 990001416 номердеги телефондон же embassy.bishkek@mfa.gov.tr электрондук почта аркылуу түздөн байланыша алышат».



Тектеш кабарлар