Түркия Азербайжанга 500 аптечка жөнөттү

Бул тууралуу ТИКАнын Баку координатору маалымат берди.

1502098
Түркия Азербайжанга 500 аптечка жөнөттү

Түркия, оккупацияланган аймактарын куткаруу үчүн Арменияга операция жүргүзүп жаткан Азербайжанга 500 аптечка жөнөттү.

Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттигинин (ТИКА) Баку координаторунун билдирүүсүндө, Азербайжандын Кызыл Жарым Ай коомуна жеткирилген 500 аптечканын (биринчи жардам көрсөтүү үчүн зарыл болгон дарылардын жыйындысы) чек ара фронтуна жөнөтүлгөндүгү маалымдалды.

Азербайжандын Кызыл Жарым Ай коомунун ыктыярчылары Тертер, Агдам, Физули, Дашкесен, Нафталан жана Горанбой облустарында жаракат алган жарандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүшөт.



Тектеш кабарлар