Түркия Азербайжандын жанында болот

Парламенттин төрагасы: «Түркия, ушул кезге чейин болгондой эле акыйкат ишинде, мекенди коргоосунда Азербайжандын жанында болот»,-деп айтты.

1501038
Түркия Азербайжандын жанында болот

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (Парламент) төрагасы Мустафа Шентоп, Түркиянын бүгүнкү күнгө чейин болгондой эле мындан кийин дагы Азербайжанга колдоо көрсөтө тургандыгын айтты.

Шентоп, Парламенттин 27-мөөнөт 4-мыйзам чыгаруу жылынын ачылышынан улам Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Жалпы Кеңешинде сүйлөгөн сөзүндө: «Улуттук парламентибиздин ачылышынын жүз жылдыгында элибиздин бизден күткөнү - көз карашыбыз жана түшүнүгүбүздүн айырмачылыгына карабастан ушул жолдо макулдашып иш алып баруубуз жана улуттук кызыкчылыктарыбызды жүзөгө ашыруу үчүн кызматташуубуз»,-деди.

Парламенттин төрагасы Шентоп, Армения менен Азербайжандын ортосундагы окуяларга байланыштуу: «Түркия, ушул кезге чейин болгондой эле акыйкат ишинде, мекенди коргоосунда Азербайжандын жанында болот»,-деп айтты.

Мустафа Шентоп, Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңизинде, Жакынкы Чыгыш жана бардык аймактардагы бирден-бир өлчөмүнүн, улуттун ар-намысы менен кызыкчылыктарын, дүйнө тынчтыгын жана бүткүл адамзат үчүн адилеттүүлүктүн жүзөгө ашырылуусун негиз кылып иш алып баруусу экенин айтты.



Тектеш кабарлар